Казакстанда Орусиянын өтүнүчү менен Кыргызстандын жараны кармалды

  • 2 месяца мурун

Казакстанда Орусиянын өтүнүчү менен «Сот адилеттигин ишке ашырууга байланыштуу коркутуулар же зомбулук» беренеси боюнча издөөдө жүргөн 29 жаштагы кыргыз жараны Алина Горшенина камакка алынды.

Бул тууралуу «Медиазона» басылмасы Rusnews агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Алина Горшенина 1-июнда кыргыз-казак чек арасында кармалган. Анын апасы Лариса «Новости Бишкека» басылмасына берген маегинде кызы экөө Алматыга эки күндүк эс алууга бара жатышканын билдирди. Анын айтымында, сот Алинаны Орусияга экстрадициялоо чечимин чыгарган. Бирок Rusnews агенттиги сот Горшенинаны 40 суткага камакка алуу гана чечимин чыгарганын, аны экстрадициялоо маселеси учурда талкууланып жатканын жазууда.

«Медиазона» аныктап чыккандай, Горшенинанын аты-жөнү Орусия ички иштер министрлигинин базасында 2023-жылдын 27-декабрына чейин пайда болгон. Rusnews белгилегендей, ага каршы кылмыш иши ошол эле жылы июнь айында козголгон.

Ларисанын айтымында, Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө карата коркутуулар аныкталбаган номурдан түшкөн. «Тергөөчүлөр эмнеге ал номур Алинага тиешелүү деген чечим чыгарганы түшүнүксүз. Ал Орусияда акыркы жолу 2018-жылы болгон. Подмосковьедеги судьяга кол салуу болгон күнү кызым Ысык-Көлдө жүргөн» деди Лариса.

Rusnews’тун маалыматына караганда, Горшенина Москва облусунун судьясы Елена Морозова менен прокурор Елена Колосованы коркуткан деп айыпталууда. Морозова 2021-жылы январда Германияда дарылангандан кийин Орусияга кайтып барган Алексей Навальныйды камакка алуу чечимин чыгарган. Ал отурумга Колоскова да катышкан.

Ларисанын айтымында, Алина баласын өзү жалгыз тарбиялап келет. Анын башында шишиги бар, бөйрөгү ооруп, гипертония менен жабыркайт.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты