Казак парламенти Назарбаевдин Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кылуусун жокко чыгарган мыйзамды жактырды

  • 2 года мурун

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы 19-январда өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңеши менен Казакстан элдеринин ассамблеясына өмүр бою төрагалык кылуусун жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды.

«Биринчи кезекте туңгуч президенттин Казакстан элдеринин ассамблеясы менен Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кылуусун жокко чыгарыш керек болчу жана бүгүн биз тиешелүү мыйзам долбоорун жактырдык. Бул жыйынга экс-президент өзү катышып, кызматты тапшырып берүүгө макул экенин айтты. «Биринчи президент — Элбашы жөнүндө», «Казакстан элдеринин ассамблеясы жөнүндө», жана «Коопсуздук кеңеши жөнүндө» конституциялык мыйзамдарга сунушталган бардык тиешелүү өзгөртүүлөр сенатка жөнөтүлдү», — деп жазды депутат Канат Нуров «Фейсбуктагы» баракчасына.

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы шаршемби күнү аталган өзгөртүүлөр жактырылганын ырастады.

Нурсултан Назарбаев январдын башындагы тополоң менен коштолгон нааразылыктар тууралуу 18-январда видеокайрылуу таратып, азыркы президент менен келишпестиги жок экенин айткан. Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын өткөрүп бергенин, жакын арада «Нур Отан» партиясынын төрагалыгын да Токаевге берерин билдирген. 2-январда башталган соңку нааразылыктарда партиянын Алматыдагы кеңсеси талкаланган.

Казакстанды 1989-жылдан 2019-жылга чейин башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматты Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берип, Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын, ассамблеянын жетекчилигин жана партия лидерлигин сактап калган. Аталган мыйзамдар аркылуу бул кызматтарда өмүр бою иштөө укугун бекиттирип алган.

Январдын башындагы кымбатчылыкка байланыштуу чыккан нааразылык акцияларында Назарбаевдин саясаттан биротоло кетишин талап кылан талаптар да айтылган. Тополоңдордун фонунда Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматын өзүнө алганын жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты