Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

  • 1 год мурун

20-ноябрда Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Алгачкы беттеш Эль-Хаур шаарында Катар жана Эквадор курама командаларынын ортосунда өтүп, оюн түштүк америкалыктардын пайдасына 0:2 эсебинде аяктады.

Мелдештин ачылыш аземине Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сыяктуу бир катар мусулман өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өз сөзүндө дүйнөлүк чемпионат түрдүү ишенимдеги адамдардын башын бириктиргенин айтты.

Биринчи жолу араб өлкөсүндө уюштурулган футбол чемпионатынын оюндары Катардын беш шаарындагы сегиз стадиондо өтөт. Катардагы климатка байланыштуу күз жана кыш мезгилинде өткөрүлүп жаткан чемпионатты уюштурууга 200 миллиард доллардан ашык каражат сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди.

Катар бул чемпионатты өткөрүүгө укук алган мезгилден тарта ар кыл жаңжал орун алып келди. Бул өлкөнү тандоо учурундагы ФИФАдагы айрым жетекчилер коррупцияга шектелсе, кийин спорттук жайларды куруудагы курмандыктар, Катардагы адам укуктарынын абалы боюнча сын-пикирлер токтогон жок.

Футбол боюнча чемпионаттын башталарына бир күн калганда бир катар укук коргоочу уюмдар Эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинонун Дохадагы сөзүн сындап чыгышты. 19-ноябрда Инфантино Батыштын Катардагы адам укугун бузуулар тууралуу билдирүүлөрүн «эки жүздүүлүк» деп айткан.

Дүйнөлүк чемпионат 18-декабрга чейин уланат.

Сүрөттө: Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземи. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты