Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чакан чөйрөдөгү жыйынына катышты
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чакан чөйрөдөгү жыйынына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.
Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын расмий учурашуусу болду.
Андан соң чакан курамдагы жыйында бир катар маселелер анын ичинде, 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиянын ишке ашыруунун акыркы жылындагы аткарылган иштер, биримдиктин экономикалык процесстерин 2030-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүү жөнүндөгү декларацияда каралган айрым иш-чаралар талкууланды.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




