Карыларга кам көрүү: Геронтология борборунда оңдоо иштери жүрүп жатат

Бүгүн 1-октябрь — карылардын эл аралык күнү. Бишкек шаарындагы улгайган жарандарыбызга социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Ардагер» геронтологиялык борборунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Бишкек эмриясы билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жаңы тосмо курууга, жылуулук түтүктөрүн жылуулоого, ички оңдоо иштерине 4,8 миллион сом бөлүнгөн.

«Ардагер» геронтологиялык борбору Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен 1994-жылы ачылган жана шаардык бюджеттен каржыланат. Геронтология борбору — карыларга  көмөк көрсөтүүгө багытталган медициналык-социалдык реабилитациялык мекеме.

Бул жерде жыл сайын 960ка жакын улгайган жаран жана майыптыгы бар адамдар эс алышат жана реаблитациядан өтүшөт. Борбор айына 80 адамды тейлейт.

Улгайган жарандар Бишкек шаарынын административдик райондору боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан арыз ээсинин жашаган жери боюнча берилген талондун негизинде кабыл алынат.

Карыларга кам көрүү: Геронтология борборунда оңдоо иштери жүрүп жатат
Карыларга кам көрүү: Геронтология борборунда оңдоо иштери жүрүп жатат
Карыларга кам көрүү: Геронтология борборунда оңдоо иштери жүрүп жатат
Карыларга кам көрүү: Геронтология борборунда оңдоо иштери жүрүп жатат
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты