“Карыганда көчөдө калдым”. Турмуш сабактары

Жашы алтымыштан ашып калган аял бир айдан бери “Сезим” кризистик борборунун социалдык үйүндө баш калкалап жатат. Өмүр бою жанталашып балдарын жалгыз баккан үч баланын энеси минтип улгайган кезде көчөдө калары үч уктаса түшүнө кирген эместир.

-Окууну буткөндөн кийин Казакстанда иштеп, турмушка чыккам. Үч балалуу болгуча күйөөм менен да, кайын журтум менен да кыйын эле жашоодо жашадым. Союз таркап, тартыштык келген учурда келишпестик андан бетер күчөдү. Акыры чыдабай төркүнүмө келип алгам.

“Төркүнгө төрөдөй кыз батпаптыр” дегендей, үч балам менен оор болду. Балдарымдын  айтымында, бир туугандарым аларга далайды эле көрсөтүшкөн окшойт, эртеден кечке иштеп, аны учурунда байкаган эмес окшойм.

Эси дартым — кыздарыма билим берүү гана болчу. Жайы-кышы дебей базарда отуруп, ичпей-жебей эки кызымды окуттум, азыр бирөө — Америкада, экинчиси –Алматыда.

Алматыда үй сатып алып жашап турганбыз. Жакында кызым ал үйгө мени киргизбей “өзүңчө батирге чыгып жаша” деп кубалап чыкты. Балам чоң жүк тарткан машине айдап айлап-жылдап кетет. Ошентип, көчөдө калдым.

Аргам кеткенде жардам сурап, бир туугандарыма бардым, алардын бири да “койгула, энеңер эмеспи” дегенге жараган жок. Тескерисинче мени биякка таштап, балдарымдын акчасын пайдаланып жүрушүптүр.

Психологиялык оор абалда калган жабырлануучуга адистер жардам берип, көйгөйлүү маселенин оң жагына чечилишине чогуу жол издеп жатышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты