Каракол-Алматы-Каракол автобус каттамы ачылат

  • 3 месяца мурун

Сентябрдан тартып “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары ачылат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Асхат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.

«Ушул жылдын сентябрь айынан баштап Союз маалында каттап, эгемендүүлүк жылдары ар кыл себеп менен токтоп калган эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары жанданат. Аталган каттам жыл бою иштемекчи» деп жазды ал.

Учурда Кыргызстандын транспорт министрлиги казакстандык кесиптештери менен белгиленген автобус каттамын жандантуу боюнча тиешелүү иш алып барууда.

Буга чейин маалымдалгандай, 25-августтан тартып “Каркыра-Унаажол” көзөмөл өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштады.

Бул чечим эки өлкө лидери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин макулдашууларынын жыйынтыгы менен кабыл алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты