Кара-Сууда милиция кызматкерине пара берүүгө шектүү кармалды
- 11 месяцев мурун
Кара-Сууда милиция кызматкерине пара берген жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы бүгүн, 21-августта билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 29-августта кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине (Зордуктоо) ылайык козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан Т.А. аттуу жаран, маселени оң жагына чечип берүү максатында милиция кызматкерине 25 миң сом сунуштаган.
Аталган факты тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан милиция кызматкерине 25 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен Өзгөн шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Т.А. жаран кармалган.
Кармалган Т.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы




