Кара-Сууда “Манас” футболдук стадиону ачылды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында “Манас” футболдук стадионунун ачылыш аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, стадион 1960-жылы курулган жана Кара-Суу шаарындагы башкы спорттук объект болгон. Бирок бул жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес жана бара-бара жараксыз болуп калган.

Садыр Жапаров өз сөзүндө стадиондун ишке берилиши өлкөбүздүн социалдык өнүгүүсүндө жана жергиликтүү инфратүзүмдү жакшыртууда маанилүү кадам болуп эсептелет деп баса белгиледи.

“Бул жерде биздин даңктуу “Жаштык-Ак-Алтын” футбол клубу түптөлүп, кыргыз футболунун тарыхында өз ордун тапкан. Бул клуб 2003-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, өлкө кубогунун жети жолку финалисти катары Кара-Суунун атын жети дубанга даңазалаган жайы бар” деп белгиледи мамлекет башчы.

Футболдук стадион заман талабына ылайык толук кайра курулду: сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилди. Оюн талаасына табигый көк майсаң чөп төшөлдү, трибуналар жаңырды. Медиа зонасы, медициналык бөлмөлөр, административдик имараттар, калыстар үчүн кеңсе жайлары салынды, ал эми борбордук аянт заманбап прожекторлор жана LED-экран менен жабдылып, кечкисин футболдук беттештерди жана иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Объекттин реконструкциясына 274,5 млн сом жумшалды.

Кара-Сууда “Манас” футболдук стадиону ачылды
Кара-Сууда “Манас” футболдук стадиону ачылды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты