Кара-Сууда балдар ууланып, ооруканага түштү

  • 1 год мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда балдар ууланып, алардын 18и ооруканага жаткырылды.  

“Ууланган 43 баланын 18и Ош облустук ооруканага жаткырылды. Алардын абалы канаттандырарлык. Алардан анализ алынды, анын жыйынтыгында эмнеден ууланганы белгилүү болот” деп билдиришти саламаттык сактоо министрлигинен.   

Билим берүү министрлиги Кара-Суудагы №101 мектептин окуучулары класста атырды сээп ойгогондон кийин, баштары айланып, ооруп калышканын билдирди.

Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучулар дарыгерлердин көмөзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткыруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өтүп, 14ү ооруканадан чыгарылды. Учурда төрт окуучу ооруканада, алардын абалы жакшы экени айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты