Кара-Суу РИИБ убактылуу кармоочу жайында шектүү өзүн-өзү асып каза болгондугу кабарланды
- 1 месяц мурун
Кара-Суу райондук ички ишттр бөлүмүнүн (РИИБ) убактылуу кармоочу жайында 14-мартта кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалып турган 1983-жылы туулган С.А. аттуу жаран өзүн-өзү асып каза болгон.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдири.
Бул факты каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.
Шектүү С.А. коңшу өлкөлөрдүн биринде адам өлтүрүүгө шектелип, ага карата эл аралык издөө жарыялангандыгы аныкталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү