Кара-Суу РИИБ тергөөчүсү кабинетте ок атты. Эч ким жабыркаган эмес
- 5 дней мурун
Бүгүн, 13-мартта, Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү ок аткан. Ок жерге тийип эч ким жабыркаган эмес.
«Ош облусунун Кара-Суу районун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүнүн тапанчасынан ок атылган. Ок жерге тийген, эч ким жабыркаган эмес. Бул факты Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөө иштери башталды. Чогултулган материалдар райондук прокуратурага текшерүү жана баа берүү үчүн жөнөтүлдү. Окуя Ички иштер министрлигинин көзөмөлүнө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча билдиребиз” деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кабинетинде ок аткандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарда жарыяланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан