Кара-Суу районунда 300дөй киши чогултуп, кумар оюну катары акчага короз уруштургандарга айып салынды   

  • 4 недели мурун

Ош облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан “Бандит” аттуу иш-чара учурунда Кара-Суу районунун аймагында ортого акча коюп, кумар оюну катары короз уюштургандарга бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Суу районунун аймагында жаран өзүнүн үйүнүн короосунда ортого акча коюп, короз уруштуруу оюнун уюштуруп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө 1988-жылы туулган С.И. аттуу жаран өзүнүн үйүнүн короосунда ортого акча коюп, короз уруштуруу оюнун өткөрүп жаткандыгы, ал жерге 100дөн ашык коңшу өлкөнүн жараны жана 200 дөн ашык жергиликтүү тургун чогулгандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жарандар ички иштер органдарына жеткирилип, бармак издери алынып, тек-жайы такталды. Коңшу өлкөнүн 7 жаранына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген “Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн” 5500 сомдон жалпы 38500 сом айып пул салынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты