Кара-Кулжада сел каптаган үйлөр тазаланды
- 2 года мурун
Кечээ, 21-июль күнү саат 16:10 чамасында Ош облусунун Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары агып келген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, Алайку айыл аймагынын Сай-Талаа айылында жайгашкан 12 турак үйдүн жертөлөөсүнө кирип, 3 турак үйдүн короосун каптагандыгы айтылат. Ошондой эле шамал турак үйдүн 40 чарчы метр тунуке менен жабылган чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Кара-Кулжа райондук №66 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, мотопомпа, айыл аймагнан 15 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 12 турак үйдүн жер төлөөсүн жана 3 үйдүн короосун сел сууларын толук тазалашкан.
Ал эми шамалдан жабыркаган үйдүн чатырын убактылуу жаап беришкен.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




