«Кара июлда» колдонулбай турган ИВЛ аппараттары боюнча маалымат берилди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-апрелде, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “кара июлда» колдонулбай турган ИВЛ аппараттары боюнча маалымат берилди.

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев пандемия учурунда көптөгөн медициналык мекемелерде дарылоочу каражаттардын жетишсиздиги орун алганын белгиледи.

“Дастан” заводунун кампасындагы аппараттардын баасы жогору болгондугунан, саламаттык сактоо министрлиги ошол учурда аларды сатып алуудан баш тарткан. Кийин дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментине өткөрүлүп, азыркы тапта ошол жерде убактылуу сакталып турат» деди Рахматуллаев.

Талкуу маалында депутат Улукбек Ормонов тендердин негизинде алынган аппарат менен “Дастан” сунуштаган аппараттын наркы ачыкталышы керектигин белгиледи.

 “Муну менен катар “Дастан” заводу аталган аппараттарды ортомчулар аркылуу алган. Ал эми аппараттардын чыгарылган жердеги өздүк баасы башкача болушу мүмкүн. Эми аларды алып, колдонууга киргизүүнүн зарылчылыгы барбы? Саламаттык сактоо министрлиги убактылуу сактоодон мурун, аппараттарды алганга акысы жок болчу” деп кошумчалады.

Муну менен катар депутат өндүрүшчү фирма менен “Дастан” заводунун ортосунда түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөнүнө токтолуп, бул жаатта тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүш керектигин белгиледи. “Андыктан аталган аппараттарды алууга мамлекеттен каражат бөлүүнү чектешибиз керек” деди депутат Ормонов.  

Маселени толук иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты