Кара-Балтада өз жанын кыюуга аракет жасаган төрт кыз ооруканага жеткирилди

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында өз жанын кыюуга аракет жасаган төрт кыз ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-январда Жайыл районунун «Тез жардам» кызматына дары ичип уулануу, өз өмүрүн кыюуга аракет кылуу боюнча кайрылуу түшкөн. «Тез жардам» кызматы барганда 1998-1996-1995-1987-жылкы төрт кыз дары ичип өз өмүрүн кыюуга аракет жасаганы аныкталган. Аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Чүй облустук милициясы аталган иш боюнча териштирүү жүрүп жатканын айтты.

«Турмуш» сайты Кара-Балтада өз жанын кыюуга аракет жасаган төрт кыздын бири кан тамырын кескенин, бир кыз оор абалда экенин жазды. Сайттын маалыматына ылайык, кыздар бир батирде жашаган, алардын бири мындай кадамга үч эркек социалдык тармакка тараткан видео үчүн барышканы тууралуу кат жазып калтырган. Кыздын айтымында, видеону тарткан кишилер ага сойкулук менен алектенет деп жалаа жабышкан. Кыз катында бул маалыматты төгүндөп, официант болуп иштерин айткан.

Буга чейин Кара-Балта шаарынын бир катар эркек тургундары шаардагы сауналарда сойкулук болуп жатканын билдирип, аларды жабуу тууралуу кайрылуу жолдошкон. Милиция аталган иш менен кайрылуунун байланышы бар-жогун тактаган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты