Электр энергиясынын жапырт өчүрүлүшүнүн себептери айтылды
- 3 недели мурун
18-19 июнда Бишкек шаарында жана айрым Чүй облусунун аймактарындаэлектр энергиясынын кыска мөөнөттүү өчүүлөрү катталды.
“Бул көрүнүш кышкы мезгилге даярдык катары жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болду. Айрым электр линияларында жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда линиянын өткөрүү кубаттуулугу жетишсиз болуп, электр энергиясы убактылуу өчүп калган. Бирок,коопсуздук чаралары туура иштеп, жарылуу же өрттөнүү сыяктуу олуттуу зыян келтирген кырдаал катталган жок.Алдын ала маалыматтарга ылайык, штаттан тышкары учур ВЛ-220 кВ «Кара-Балта – главная» линиясынын өчүп калышы себеп болгон.” деп билдирди Кыргызстан улуттук электр тармактар ишканасы.
Маалыматта айтылгандай, энергетиктер дароо электр энергиясын калыбына келтирүү, себептерин тактоо жана кайрадан өчүүлөрдүн кайталанышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүштү. Кызматкерлердин тез жана координацияланган иш-аракеттеринин натыйжасында бир нече мүнөт ичинде керектөөчүлөрдүн электр энергиясы жандандырыла баштады.
Учурда өлкөнүн энергетикалык системасы штаттык режимде иштеп жатат. Күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.
Бишкек шаарынын Октябрь, Ленин, Биринчи май райондорунда 18-июнда саат 13:20 чамасында электр жарыгы өчүп калды.
Сүрөт: Электр тармактар ишканасы