Кар көчкү түшкөн жол тазаланды

  • 2 года мурун

12-13-февралда жааган кардан улам Ош облусунун Өзгөн районунун «Кара-Кулжа-Алайкуу» унаа жолунун Тамчы чеги 74-75, Кыргый чеги 87-88-89 чакырым аралыгында бир нече жерден майда кар көчкү түшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Болжол менен жалпысынан 450-500 м³ кар түшүп, жолду жаап калган. Унаа жолун тазалоо үчүн Кара-Кулжа район жолду тейлөө бөлүмүнөн бульдозер, автожүктөгүч менен кар тазаланып, жол ачылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты