Кантта Орусиянын абадан коргонуу системасы үчүн беш гектар жер бөлүнөт

  • 7 месяцев мурун

11-октябрда Жогорку Кеңеш «Абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо» боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окуудан өткөрүп, кабыл алды.

«Бул документтин алкагында Орусия Кант шаарынын аймагындагы орусиялык авиациялык базанын районунда абадан кол салуудан коргонуу компоненттерин жайгаштырууну пландаштырууда. Бул максатта Кыргызстандын Коргоо министрлиги Орусиянын Коргоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык, Канттагы авиабазага жанаша жайгашкан 5 гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн башкарууну кыргыз тарап жүргүзөт, ал эми күнүмдүк ишинде каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо орус тараптын карамагында болот» деп билдирди Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик думасы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы макулдашууну ратификациялаган.

Былтыр августта Москвада Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу документке кол койгон.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү  макулдашкан.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты