Канатбек Калдаралиев Ак-Суу районунун акими болуп дайындалды
- 2 недели мурун
Канатбек Калдаралиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат берилди.
Канатбек КАладаралиев буга чейин Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Сүрөттө: Канатбек Калдаралиев. Интернет булактарынан
Президент Жапаров өлкөнүн бир нече райондорунун акимдерин кызматтан алып, Каракол жана Талас шаарларынын мэрлерине сөгүш берген. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Насиров Мунарбек кызматтан алынган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү