Канаданын Галифакс шаарында конуу учурунда учактын бир канаты күйдү
- 1 месяц мурун
Канаданын Галифакс шаарында 28-декабрда кечинде PAL Airlines компаниясынын Сент-Жонсон шаарынан учуп келе жаткан учак конуу учурунда күйдү. Бул тууралуу CBC News билдирди.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, учактын шассисинде көйгөй болуп, ийилип, конуу-учууу тилкесине канаты тийип, сол жагы күйө баштаган.
Жүргүнчүлөрдү жана экипаж мүчөлөрүн тез арада эвакуациялай алышкан. Жүргүнчүлөрдүн саны жана жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү