Кадыровду сындаган активист жазасын өтөп бүткөндө Кыргызстандан депортацияланат

  • 7 месяцев мурун

Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечен активисти Мансур Мовлаевди Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн 6 айга камакка алып, андан ары өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Кавказ.Реалии» басылмасы жазды.

Өкүм тууралуу басылмага Мовлаевдин жактоочусу Бакыт Автандил билдирди. Анын айтымында, Мовлаев чечен коопсуздук күчтөрүнүн кыйноолорунан корккондуктан, Кыргызстанда жаза берүүнү суранган.

«Адвокаттарым айткандай, мен жазамды өтөөгө даярмын. Менин беренемде айып пул төлөө каралса да, өмүрүмдү сактап калуу үчүн эки жылга эркинен ажыратууну суранам. Бул беренеде каралган эң чоң жазаны өтөөгө даярмын. Өз өмүрүмдү сактап калуу үчүн бул жерде кеминде он жыл түрмөдө отурууга даярмын”деген Мовлаев акыркы сөзүндө.

Быйыл августта Мансур Мовлаев 21-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалган. Эл аралык издөөдө жүргөн активист Ысык-Көлдө кармалганын атайын кызмат билдирген. «Шектүү радикалдуу идеологияны карманат» жана «орус жарандыгы бар жасалма паспорт менен Кыргызстанга кирген» деп айыпталып жаткан.

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, 28 жаштагы Мовлаев — таэквондо боюнча Чеченстандын чемпиону, спорт чебери. Ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири экени айтылган. Мовлаев 2020-жылы токулган иш боюнча үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан

Сүрөт: Мансур Мовлаев сот залында. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты