Кадастр кызматкерлери мамлекетке 15,6 млн сомдук зыян келтирген

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалында жер тилкесине укук берүүчү документти мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө аталган филиалдын кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, жер тилкесине соттук чектөө тургандыгына карабастан мыйзамсыз сатуу-сатып алуу келишимдерди катташкандыгы аныкталды.

Ошондой эле мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында укук аныктоочу документтердин жоктугуна карабастан муниципалдык менчиктеги жер тилкесине жеке менчик жөнүндө мамлекеттик акт даярдашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан rылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө мамлекетке 15 млн 676 миң сомдук жер тилкеси кайтарылган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты