Кадамжайда мектеп окуучусу жанын кыйганы кабарланды

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну 2-майда саат 17.40 чамасында үйүнүн короосунда асынып каза болгондугу тууралуу Кадамжай  райондук ички иштер башкармалыгына маалымат түшкөн.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган жерге Кадамжай райондук ИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Ушул эле аймактагы орто мектептин 11-классынын окуучусу А.Б. үйүндө жалгыз калып, өзүнүн мал сарайына кирип, өзүн өзү асып, каза болуп калгандыгын маалымдады.

Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

Каза болгон мектеп окуучусу А.Б.нын атасы Ош шаарында дарыланып жаткандыгы, ал эми апасы Россияда миграцияда экендиги маалым болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты