Кабул: Ачкачылыктан чарчап калган сегиз жетим баланын сөөгү табылды

  • 3 года мурун

Кабул шаарынын батыш тарабында ачкачылыктан чарчап калган сегиз жетим баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу этностук хазарлардын саясий лидери жана ооган парламентинин мурдагы депутаты Мухаммад Мохакик 24-октябрда Facebook баракчасында жазды.

Мохакиктин билдирүүсүнө ылайык, балдар Кабулдун 13-кварталынын айланасында үч жума мурун чарчап калган. Анын айтымында, балдардын сөөгүн жергиликтүү молдо жана райондун тургундары жерге беришкен.

Мухаммад Али Бамиани аттуу жергиликтүү молдо балдардын өлүмү боюнча кеңири маалымат берип, улуусу сегиз жашта, кичүүсү бир жарым жашар наристе экенин айтты.

«Алардын ата-энеси экөө тең каза болгон жана жакын туугандары жок болчу. Алар аябай ачка болуп, бүрүшүп калышкан».

Талиб өкмөтү бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бириккен Улуттар Уюму эгер гуманитардык жардам тез арада берилбесе, оогандар массалык ачарчылыкка дуушар болорун эскерткен.

БУУнун агенттиктери кыш жакындап калгандыктан, 18 миллиондой оогандык тамак-ашка жана баш калкалай турган жайга муктаж экенин билдирген. Эл аралык жардамды жеткирүү август айында талибдер бийликти басып алгандан бери дээрлик токтоп калган.

Буга чейин БУУ оогандыктар азык-түлүк кризисине туш болуп, ачарчылык алдында турганын эскерткен. Уюмдун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс талибдер Кабулда бийликти басып алган соң токтотулган каржылык агым жандандырылбаса, өлкө экономикасы кыйрашы мүмкүн экенин айткан.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты