Көрүстөндү брондоо тартиби бекитилди
- 11 месяцев мурун
Министрлер Кабинети көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Мындай чечим ылайык көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Буга чейин маалымдалгандай, көрүстөндө болочокто көмүлүүчү жайларды жубайлар брондоп алса болот. Жубайлардын нике тууралуу күбөлүгү болушу керек.
Көрүстөндөгү жерди брондоо үчүн арыз ээсинин паспорту, жубайынын өлүмү тууралуу справка, нике күбөлүгү жана тиешелүү үлгүдөгү арыз талап кылынат.
Арыз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына же сөөк коюуу уюштуруу боюнча кызматтарга берилет жана 14 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Маркум күйөөсүнүн ( аялынын) бейитинин жанынан жай бөлүү акы төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.
Брондоо убактысы беш жылды түзөт, андан кийин мөөнөттү узартууга болот. Эгер туура эмес маалымат берилген болсо, брон жокко чыгарылат. Үчүнчү тараптарга бронду сатууга тыюу салынат.
Брондоо тууралуу арыздын аткарылбай калышына белгиленген жерде орун бош эместиги, тууганчылыгы далилденбеген же тиешелүү документтери болбой калган учурда же мурда брондоо тартибин бузган учурд себеп болушу ыктымал.
Сүрөт: AFP




