Көрүстөн жайларын алдын ала брондоо тартиби тууралуу токтом кабыл алынды

  • 1 год мурун

Министрлер кабинети көрүстөндөрдө көмүлгөн жерлерди брондоо тартибин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүлгөн жерлерди брондоо тартибин бекитүү жөнүндө “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, жарандардын эрк-ниетин эске алуу менен, сөөк коюу жайларын брондоо жол-жоболорун тартипке келтирүү жана сөөк коюуга кепилдиктерди камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Министрлер кабинети токтом кабыл алды.  

Токтомго ылайык, көрүстөндө болочокто көмүлүүчү жайларды жубайлар брондоп алса болот. Жубайлардын нике тууралуу күбөлүгү болушу керек.   

Көрүстөндөгү жерди брондоо үчүн арыз ээсинин паспорту, жубайынын өлүмү тууралуу справка, нике күбөлүгү жана тиешелүү үлгүдөгү арыз талап кылынат.  

Арыз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына же сөөк коюуу уюштуруу боюнча кызматтарга берилет жана 14 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Маркум күйөөсүнүн ( аялынын) бейитинин жанынан жай бөлүү акы  төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.

Брондоо убактысы беш жылды түзөт, андан кийин мөөнөттү узартууга болот. Эгер туура эмес маалымат берилген болсо, брон жокко чыгарылат. Үчүнчү тараптарга бронду сатууга тыюу салынат.

Брондоо тууралуу арыздын аткарылбай калышына белгиленген жерде бош орундун болбой калышы, тууганчылыгы далилденбеген же тиешелүү документтери болбой калган учурда же мурда брондоо тартибин бузган учурда баш тартылышы ыктымал.   

Жергиликтүү билик органдары бош орундар тууралуу реестр түзүүгө милдеттүү болуп, ал реестрдин маалыматтарын башкалар ала алгыдай болуш керек.  

Иллюстрациялык сүрөт: AFP 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты