Күндүн сүрөтү: Кылмышка шектелген журналисттерди 48 саатка камаганы алып кетип жатышат. 16-январь, саат 23:41

  • 4 месяца мурун

Кылмышка шектелген 11 журналистти 48 саатка камаганы алып кетип жатышат. 16-январь, саат 23:41. Алардын арасында «ПолитКлиниканын» кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулу да бар.

11 журналист 48 саатка камакка алынды. Алар 1. Махабат Тажибек кызы 2. Сапар Акунбеков 3. Азамат Ишенбеков 4. Сайпидин Султаналиев 5. Актилек Капаров 6. Тыныстан Асыпбеков 7. Максат Тажибек уулу 8. Жоодар Бузумов 9. Жумабек Турдалиев 10. Айке Бейшекеева 11. Акыл Орозбеков

-11 журналист кылмыш кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Кээ бирлер ИИМдин тергөө башкармалыгына таңкы саат 7де келишкен экен, ошондо 14 саат болуп калышты, сурактар 2-2,5 саат созулду, ошондо 11,5-12 саат ары-бери эле түшүп-чыгып өтүп кетти, -деди адвокат Замир Жоошев.   

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталгандыгын ИИМ билдирген.  

Баш сүрөт: Токтосун Шамбетов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты