Көлмө жаңы конушунда ички мигрант аялдардын ден соолугу текшерилет, юридикалык кеңеш  берилет

Кыргызстандан калкынын 18%ын ички мигранттар түзөт же алар дээрлик ар бир бешинчи жаран.  Мындай мигранттардын көпчүлүгү —  аялдар (56,3%).    Коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге буруу үчүн 4-декабрда Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунда кардиолог, эндокринолог врачтардын акысыз консультациясын жана акысыз юридикалык консультация алууга болот.  

Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, дал ушул мигрант аялдар психологиялык жана дене-бой зомбулугуна көбүрөөк кабылат. Көбү экономикалык жактан күйөөсүнө же анын туугандарына көз каранды.

Мигрант-аялдар 10-12 сааттан, эч кандай шарты жок жерде, эмгек келишимин түзбөстөн иштөөгө аргасыз.  Алар ооруп калса, эмгекке жараксыздыгы боюнча баракча ала алышпайт, эмгек өргүүсүнө да чыкпайт. Медициналык атайын жардам алууда да кыйынчылыктарга туш болушат, укуктук жактан билимсиз келишет.

Ушул себептүү алар дартка көп чалдыгат, кош бойлуу учурунда каяктан медицианалык жардам аларын билишпейт . Минтип кыйналгандардын көбү жаңы конуштар тарапта күн кечирет.     

Коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге буруу үчүн 4-декабрда Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунда кардиолог, эндокринолог врачтардын акысыз консультациясын жана акысыз юридикалык консультация алууга болот.   

Иш-чарага Биринчи май райондук акимчилигинен, МТУ14, активисттер жана тургундар катышат.

Иш-чараны Аялдарга жардам коомдук бирикмеси Аялдардын Азия-Тынч Океан форумунун колдоосу менен уюштурууда.  

Өтө турган жердин дареги: Көлмө жаңы конушу, Максат көчөсү 40А, ГСВ№5.

Көлмө жаңы конушунда ички мигрант аялдардын ден соолугу текшерилет, юридикалык кеңеш  берилет

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты