Күч түзүм кызматкерлеринин балдары үчүн «Ак-кайың» аттуу балдар бакчасы ачылды

Бүгүн, 17-июнда  Бишкек шаарында луттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн  “Ак-кайың”  балдар бакчасы пайдаланууга берилди.      

Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Аталган бала бакчанын эски имараты 1975-жылы курулгандыктан, эскилиги жеткен. Мындан улам мектепке чейинки билим берүү мекемеси толугу менен жаңыланып, 240 балага ылайыкталган эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш иши 2024-жылдын октябрь айында башталып, 2025-жылдын май айында бүткөрүлгөн. Ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.

Салтанаттуу иш-чарада УКМК төрагасы К.Ташиев жаңы бала бакчанын ачылыш аземи менен куттуктады. Мындан сырткары ата-энелер тарабынан да, балдарга түзүлүп жаткан камкордук үчүн айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК төрагасы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде түзүлгөн шарттар менен таанышып, бала бакчанын тарбиялануучуларына белектерин тапшырды.

Күч түзүм кызматкерлеринин балдары үчүн "Ак-кайың" аттуу балдар бакчасы ачылды
Күч түзүм кызматкерлеринин балдары үчүн "Ак-кайың" аттуу балдар бакчасы ачылды
Күч түзүм кызматкерлеринин балдары үчүн "Ак-кайың" аттуу балдар бакчасы ачылды
Күч түзүм кызматкерлеринин балдары үчүн "Ак-кайың" аттуу балдар бакчасы ачылды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты