Издөөгө алынган Октябрь райондук ИИБ кызматкери кармалды

  • 2 года мурун

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту боюнча, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыкка шектелип, издөөгө алынган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери С. П. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ал жаран издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалган.

12-декабрда УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, издөөдө жүргөн жарандын жашаган жери аныкталып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн жеринене кармалды. Аталган иш боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК С.Р. нын аракетинен жапа чеккендерди (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефону, 0702233243 WhatsApp номери аркылуу байланышууну өтүнөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты