Исманкуловдун клиникасы менен түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылды

  • 2 года мурун

Бишкек мэриясы №6 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан “Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясы” жеке клиникасы менен түзүлгөн ижара келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 ооруканага барган учурда “Көздүн микрохирургиясы” клиникасын ижарага алып келген корпус коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн “кызыл аймак” катары уюштурула турганын айткан.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев НТС телеканалына берген маегинде аталган медициналык борборго имаратты бошотууга бир күн убакыт берилерин билдирген.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-февралда Бишкектеги №2 клиникалык көп профилдүү ооруканага барып, коронавирус менен дарыланып жаткандардын абалы менен таанышкан. Бейшеналиевге оорукана жетекчилиги коронавирустан улам башка бейтаптарга орун жетпей жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты