Исманкулов медициналык борбору кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Алмазбек Исманкулов №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан «Көздүн микрохирургиясы» менчик медициналык борбору кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 18-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтты.

Исманкулов имаратты ижарага алуу боюнча Бишкек мэриясы менен түзүлгөн келишим күчүндө экенин, ижара акысын төлөө боюнча буга чейин бир да жолу маселе жаралбаганын кошумчалады.

“Биз күн сайын телевидениеден “Борборду жаап салдык. Кетип атышат, аппараттарын алып кетти” дегенди көрүп атабыз. Бирок биз мурункудай эле иштеп атабыз. Ушул күнгө чейин Саламаттык сактоо министрлигинен бир да кат ала элекпиз. Булар документ менен иштегенди, башка медициналык мекемелер менен кызматташууну билеби? Бирок күн сайын эле “жаап салдык” деп маалымат таратышат. Бейтаптар иштеп атабы же жокпу деп түшүнбөй да калып атышат”.

Ал борбордун айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетине кайрылганын билдирди. Ошондой эле имаратты ижарага алган 25 жылдай убакыт ичинде борбор мамлекетке 1 миллионго чукул каражат төккөнүн айтты.

Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин маалыматы боюнча, Исманкулов мэриядан имаратты ижарага алуу тууралуу келишимди 2012-жылы түзгөн. Ижара акысы башында 164 миң сомго түзүлүп, кийин 214 миң сомго көтөрүлгөн. Имараттын аянты 1075 чарчы метр. Ар беш жыл сайын ижара мөөнөтү узартылып отурган.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборун мамлекеттик имараттан чыгаруу иши жүрүп жатканын билдирген. Исманкулов бул талапты аткарбай жатканын айтып, күч колдонууга туура келип жатканын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты