Исмаил Исаков элге кайрылып, Конституцияга өзгөртүүлөрдүн жана кошумчалардын эки вариантын сунуштады


“Азаттык” партиясынын төрагасы, генерал Исмаил Исаков эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин  жападан жалгыз булагы болуп саналган элге  кайрылып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана кошумчалардын эки вариантын сунуштады. Ал толуктоолордун концепциясынын эки вариантын талкууга койду.

-Урматтуу мекендештер! Элибиз эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин  жападан- жалгыз булагы болуп саналгандыктан,  сиздерге  кайрылууну  туура  көрдүм. Биз, эгемендүүлүгүбүздүн 31 жылдыгынын алдында турабыз. Отуз жылдын ичинде, баарыбыз, оор жана татаал жолду басып өтүп, дүйнөлүк коомдо  өзүбүздүн ордубузду тапкан менен, экономикасы өнүккөн, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктери камсыз кылынган, элдин жашоо турмушу жакшырган өлкөнү курууга жетише албадык. Бийликке келген жетекчилерибиздин өз кызыкчылыктарынын  барымтасында калып, 12  жолу Конституцияны  өзгөртсөк дагы, элдин мүдөөсүнө жооп берген,  бийлик бутактарынын тең салмактуулугун  сактаган, мамлекеттик бийлик системасын  түзүүгө дараметибиз жетпеди.

Эң өкүнүчтүүсү, туңгуч  президентибиз, “Кумтор” маселесин чаташтырып, башка өлкөнүн жеке компаниясынын пайдасына келишимдер менен “бетондоп”  берип, Үзөнгү-Куушту Кытайга,  Каркыраны казак туугандарга берүү келишимине кол коюп, Аксы элин аттырып, Москвада качкында. 

Экинчиси, биринчисинен ашып, үй-бүлөлүк башкарууга болуп көрбөгөндөй жол берип, өзүнө  каршы чыккан саясатчылар менен журналисттерди өлтүрттп, өрттөтүп, камап, Таластын баатырлары анын “жазалоочу отрядынын” таш талканын чыгаргандыгына карабай,  Ак үйдүн алдында,  87 жараныбызды аттыртканы аз келгенсип, четте туруп,  баласы, инилери, “жакын тарапташтары”  жана  өзүнүн “Ак Жол” партиясынын “капчыктуу,” улуту башка депутаттары,  санаалаштары менен, колдон чыккан бийлигин, таасирин  кайра калыбына келтирүү жана мыйзамсыз тапкан  байлыктарын, мүлктөрүн сактап калуу максатта, Ош коогалаңын  чыгарттырып,  баласы айткандай “кипиш” жасап, өзү айткандай  “өлкөнү канга боёп”, Минскиде качкында. 

Ал, бүгүн дагы “жакын тарапташтары” аркылуу тарыхты бурмалатып, өздөрүн актаттырып, байлыктарын кайтарып алуу аракетинде…

Төртүнчүсү түрмөдө.  Бешинчиси,  шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан  жарандардын “басымына” туруштук бере албай, “өз ыктыяры” менен мөөнөтүнүн жарымына жетип-жетпей, бийлигин өткөрүп берүүгө мажбур болду…

Азыркы президентибиз, конституциялык нормалардын талаптарына карабай, референдум аркылуу жаңы Конституцияны кабыл алдырып,  бийликтин  баарын өз колуна алганга жетишти.

Жыйынтыгы,  “баягысы баягы, койчумандын таягы” дегендей, “кайда барсаң Мамайдын көрү”.  Келечегибиз бүдөмүк, жумушсуздук менен жакырчылык күчөгөндөн күчөгөн, күнүмдүк тиричилик үчүн керектүү товарлардын жана продукталардын баалары жогорулагандан жогорулап, кекиртекке жетип калды, адам укуктары жана эркиндиктери сакталбай, одоно бузулууда, мыйзам бирөөнө иштейт, экинчисине  иштебейт, кээ бир бийлик өкүлдөрү тарабынан зөөкүрлүк, өзүм билемдик болуп көрбөгөндөй күчөп, өздөрүн  бийликке түбөлүккө келгендей сезишип, мыйзамдык, моралдык, этикалык нормалардын, жада калса ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган  нарктын, салттын чектеринен чыга башташты. Чек арадагы  маал-маал атышууларды эске албаганда, Тажикстан менен согуш абалына алып келишип, 36 жараныбыздан ажырадык, канчалаган үйлөр менен соц обьектер талкаланды, өрттөлдү. 

3 жолу миңдеген миңдеген жарандарыбыз Баткенде жана Чоң-Алайда үй жайларын таштап качканга мажбур болушту, ага жол берип, аймактын бүтүндүгүн буздурган, кол тийбестигине кол тийгиздирген, коргонуу жана коопсуздук маселелерин тейлеген  жооптуу жетекчилердин жоопкерчиликтерин кароонун ордуна, кайрадан мыйзамды одоно бузуу жолдору менен,  кээ бирлерине чин берип сыйлагандары жана келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылгандын  ордуна, маселени көтөргөн жарандардын ооздорун баскандары,  жабыркаган элдин бетине түкүрүп, баштарын камчы менен чапкандай эле болуп калды…

Түш ортодо биздин жаранды, башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары мал уурдагандай уурдап, өлкөдөн чыгарып кеткенин  биздин коопсуздук үчүн жоопту  кызматтар менен чек арачылар  “билишпеди, көрүшпөдү”. Бийлик төбөлдөрүн чек ара маселеси боюнча сындаар замат, “чыккынчылыкка” шектүү деп, кармалган жараныбыз М.Казакпаев,  көзөмөлү  катуу СИЗОдо  ооруга чалдыгып өмүрүнөн ажыраса, коррупцияга шектелген Б.Асанбаев, өзүнүн өмүрүнө өзү кол салып,   “асынып” алганы коомчулуктун үрөйүн учурду.
Ал эми соттун чечимисиз жүргөн бийликтин “кустуруу-мустуруу” компаниясы, мамлекеттик рэкеттей болсо, коррупцияга аралашкан адамы министрлердин “корбашчылыгына” дайындалып, элибизди коррупциясыз иштөөгө үйрөтүүдө. Бир сөз менен айтканда, мамлекетибиз менен элибиз коркунучта. акыбалыбыз “мышык ыйлай тургандай”.
Эмне үчүн ушундай акыбалга дуушар болуп жатабыз? Эмне үчүн  алдыга умтулгандын  ордуна  артка  кетебиз? Эмне үчүн убадаланган сөздөр, берилген анттар аткарылбайт? Себеби эмнеде? Кимдер  буга күнөөлү? 
Менимче, эң негизги себеп өзүбүздөн, күнөө бизден. Кээ бирибиз пендечиликке, тууганчылыкка, жердешчиликке же жеке кызыкчылыкка берилип  жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо “менин үйүм четте” деген  позицияда болдук жана болуп жатабыз. Кээ бирибиз, мамлекеттеги маанилүү иштерге  кайдыгерлик мамиле кылдык, куйтулукка эки жүздүүлүккө жана кошоматчылыкка жол берип, бийлик өкүлдөрүнө мыйзамдуу талаптарды коё албадык, алардын бизге болгон кожоюндай мамилелерине адекватттуу мамиле жасап, өз ордуларын көрсөтподүк.

Шайлоо учурунда,  бир  же эки күндүк  курсак үчүн сатылдык, пендечилике азгырылдык,  мыйзам бузууларды көрсөк дагы, көрбөгөндөй мамиле кылдык. Балдардын келечектерин ойлободук. Жыйынтыгы ушул көрүнүш, баягы эле “жыртык тепши”, элдин ыйы,  кайгысы, муңу…

Экинчи себеп, “Эшегине жараша тушагы” дегендей, элибиздин  мамилесине жараша бийликке келген “азаматтарыбызда”. Алардын  мамлекетчил сапаттарынын,  тажырыйбаларынын  жетишпегендиги жана адискөй команданы  түзө албагандыгы.  Анысы аз келгенсип, бийлик төбөлдөрүбүз өздөрүнүн даректерине айтылган сын–пикирлерден туура тыянак чыгаргандын ордуна, тескерисинче, айткандарды куугунтуктап, укуктарын чектеп, болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүүлөрү, өткөндөн сабак албагандары  жана өз кызыкчылыктарын алдыңкы орунга коюп, өздөрүнө жоопкерчиликтин тиешеси жоктой мамиле кылгандары. 
Үчүнчү себеп, мамлекеттик бийлик системасынын туура эмес түзүлүшү,  бийлик бутактарынын баарынын бир колго өтүшү. Тагыраак айтканда,  бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактаган,  бири-бирине көз каранды эмес,  бири-биринин тизгинин тарта турган  бийлик системасынын жоктугу. Ошону менен бирге, жергиликтүү же шаардык жана райондук бийликтер, өз алдынча башкаруу принциптердин негизинде түзүлбөй, аларды борбордук бийликке баш ийдирип, борбордон кадрдык, экономикалык  жана финансылык жактан көз каранды кылып, эркин жана өз алдынча иштөөлөрүнө шарт түзүлбөгөндүгү. Системдик түрдө кадрларды бир тепкичтен, экинчи  тепкичке, экинчисинен үчүнчүсүнө иштетип, квалификацияларын жогорулатуучу курстардан окутуп, андан кийин республикалык масштабка чыгууларына  шарттардын  түзүлбөгөндөрү. 

Эгерде, биз, өлкөбүздүн өнүгүшүн, элибиздин жашоо-турмушун  жакшыртууну кааласак, мыйзамдын үстөмдүгү орногон, адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин толук кандуу камсыз кылынган  өлкөнү курууну чын дилибиз менен тилесек, анда, эң биринчи, ар бирибиз, өзүбүздүн ички дүнүйөбүздү оңдоп, тазаланышыбыз  керек.  Мыйзамсыздыкка, өзүм билемдикке жана адилетсиздикке каршы туруу, аларга жол бербөө  негизги милдетибиз, парзыбыз жана принципибиз катары аң-сезимибизге сиңиши абзел. 

Ал эми мамлекеттик деңгээлде,  мамлекеттик бийлик  системасын жана  аймактык түзүлүштү түп-тамыры менен реформалоого  токтоосуз барышыбыз зарыл. Ошону менен бирге,  жогорудагы терс көрүнүштөргө кабыл кылган, мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин дагы кароо, өтө маанилүү. Бекеринен,  “безнаказанность порождает беззаконие” деп, айтылбаса  керек. Ансыз өнүгүү болбойт,  мыйзамдуулук өкүм сүрбөйт, адам укуктары жана эркиндиктери камсыз кылынбайт, коррупция гүлдөп, өзүм билемдик  күчөгөндөн күчөп, бара-бара элдин жарылуусуна алып келет. Андайга жол бербеш үчүн биз,  бүгүнкү коркунучтуу багытыбыздан арылып,   жаңы  жолго түшүшүбүз керек.

         Ал үчүн: 

  1. Мамлекеттик бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камтыган, бири- бирине көз каранды эмес, бири-биринин тизгинин тарта турган механизимдери бар, мамлекеттик башкаруу системасын түзүү, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды  киргизүү;
  2.  Облустарды жоюу менен айылдык округдарды 40-50 пайызга кыскартып, шаарларды жана райондорду ирилештирип (сандарын 20-22 жеткирип), аларды  борбордон башкаруудан баш тартып, мэрлердин жана акимдердин эл аркылуу шайланып келишин камсыз кылуу. Райондук кеңештерди калыбына келтирип, алардын  функцияларын кеңейтүү. Кадр, каржы жана экономикалык  маселелерин өздөрү  чече турган системага өтүү.
  3. Конституциянын жана мыйзамдардын талаптарын одоно бузуп, адам эркиндигин жана укуктарын тебелеп тепсеп, оор кесепеттерге алып келген, тамак-ашка, күнүмдүк тиричилик товарларына болуп көрбөгөндөй чайкоочулук менен баалардын асман чапчышына жол берген, чек ара маселесин чаташтырып, оорлоштуруп, коңшу өлкөлөр менен согуш абалына кириптер кылып, анын кесепетинен көптөгөн адам өмүрүн алган, түз жана кыйыр тиешеси бар мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароону жана  аларды  кызматтарынан четтетүүнү талап кылуу.

Жогоруда айтылган ой-пикиримди ишке ашыруу максатында, сиздерге  тең салмактуу, бири- бирине көз каранды эмес, бири-биринин тизгинин тарта турган  президенттик, парламенттик, жергиликтүү башкаруу бийликтердин системаларынын жана бардык революциялардын бирден-бир себепкери болгон сот бийлигинин, сот адилеттигин камсыз кыла турган  системасынын концепцияларын сунуш кылам.

  1. Президенттик   башкаруу системасы:

Мыйзам чыгаруу бийлиги

Жогорку Кеңеш — Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигин жана  өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган.

Жогорку Кеңеш, беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 95 депутаттан турат. Анын 73-75и партиялык тизме менен 20-22си партиянын көрсөтмөсүнүн негизинде бир мандаттуу округдардан шайланат. (20-22 ирилештирилген районундардын саны менен барабар). Тагыраак айтканда, ар бир райондон жана эки шаардан  бирден  мандат. Мыйзам чыгаруу бийлиги контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүк орган.

Жогорку Кеңеш бюджетти бекитип, салыктын, акциздин, пошлинанын түрлөрүн аныктайт, бекитет, чет өлкөлөр менен соода-сатык маселелерин жөнгө салат. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн шайлоого макулдугун берет. Президенттин макулдугусуз өздөрү, Жогорку соттун судьяларын, Эсеп палатасынын аудиторлорун, Улуттук банктын төрагасын анан орун басарларын, Акыйкатчыны жана анын орун басарларын шайлайт. Аймактык түзүлүштүн маселелерин карайт. Өзгөчө кылмыштарды иликтөө боюнча убактылуу прокурор менен тергөөчүлөрдү дайындайт. Керек болгон учурда адистештирилген сотторду түзөт. Профилдик комитеттин чечиминин негизинде ЖКнын көпчүлүгүнүн макулдугу менен Президентке каршы айып койот. Коюлган айып тиешелүү комитеттер аркылуу үч айдын ичинде иликтенип, ЖКнын депутаттарынын үчтөн экисинин добушу менен кызмат ордунан четтетүү же четтетбөө  боюнча чечим кабыл алат.

Жогорку Кеңештин иш-чаралары,  функциясы жана ыйгарым укуктары конституциялык мыйзам менен бекитилет.

Аткаруу бийлиги

Аткаруу бийлигин Президент, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, кызматтар, административдик ведомстволор ишке ашырат. Президент жана Вице-президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан беш жылдык мөөнөткө шайланышат. Президент ички жана тышкы саясатты аныктайт жана жүзөгө ашырат.

Президент арызы менен кызматтан кеткен учурда, же оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албаса, же каза болуп калса, же Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилсе анын ыйгарым укугу жана милдеттери вице-президентке өтөт. (Бул туруктуулукту камсыз кылат).

Адилет министри бир эле убакта Башкы прокурор болуп эсептелинет.

Аткаруу бийлигинин иш-чаралары, функциясы жана ыйгарым укуктары конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Сот бийлиги:

Сот бийлиги, Жогорку соттон, Аппеляциялык жана Жергиликтүү соттордон турат, сот адилеттигин жүзөгө ашырат.

Жогорку сот,  9 судьядан  турат. Жогорку соттун судьяларына 65 жаштан өмүр бою, 15 жылдык стажы бар анын ичинде 5 жылдан кем эмес аппеляциялык (облустук) сотто стажы бар. Профилдик комитеттин сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат, үчтөн экисинин добушу менен кызматтан четтетилет.

Аппеляциялык соттор, Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда, Бишкекте, Караколдо, Нарында  жана Таласта түзүлөт. Аппеляциялык соттордун судьялары 45 жаштан 70 жашка чейин, 7 жылдан кем эмес жергиликтүү соттордо судьялык стажы бар, Президенттин администрациясынын сунушу менен, Президент кызматка дайындайт жана кызматтан четтетет. Аппеляциялык соттор тарабынан каралган орто категориядагы иштер акыркы жана даттанууга жатпайт.

Жергиликтүү сотторго 35 жаштан 65 жашка чейин, 10 жылдан кем эмес юридикалык  стажы бар, райондук кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добуштары менен шайланат жана үчтөн экисинин добуштары менен кызматтан четтетилет. Жергиликтүү соттор караган жеңил категориядагы   иштер  акыркы жана даттанууга жатпайт.

Сот бийлигинин судьялары кынтыксыз иштеп жүргөндө гана кызматтарында иштей берет.

Оор кылмыштар элдик заседателдердин катышуусунда өтөт. Элдик заседателдердин  көпчүлүгүнүн добушунун негизинде сот вердикт чыгарат.

Сот бийлигинин иш чаралары, алар чыгарган өкүмдөрдү аткаруу процедуралары жана  сотторду   камсыздоо маселелери конституциялык мыйзам менен бекитилет.

Жергиликтүү мамлекеттик  башкаруу бийлиги.

Жергиликтүү  мамлекеттик  башкаруу бийлигин төмөнкүлөр түзөт.

— Шаардын мэрлери, райондун акимдери, жана алардын кызмат адамдары.

— Шаардык жана  райондук кеңештер.

— Айылдык округдардын, поселканын башкармалары анын  аппаратынын кызматчылары менен айылдын башчылары менен кызмат адамдары. Шаарлардын мэрлерине жана райондордун акимдерине жогорку билимдүү жана мамлекеттик кызматта 5 жылдык стажы бар, соттуулугу жок, 40 жаштан кем эмес жаран 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

Акимдердин жана мэрлердин сунушу менен акимдин, мэрдин орун басарларын жана кызмат адамдарын анын ичинен райондун жана шаардын сотун жана айыл округдардын башкармаларын, райондук жана шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайлашат жана аларды депутаттардын дубушунун үчтөн экиси менен кызматтан четтетишет.

Шаардын жана райондун кеңештери аркылуу шайланган шаардын жана райондун кызмат адамдарынан башкаларын, мэр жана аким өзү дайындайт.

Шаардын  жана райондун кеңештери:

— Бюджетти, социалдык–экономикалык өнүктүрүү программаларын, генералдык архитектуралык пландарын бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлгө алат;

— Жогорку Кеңеш уруксат берген  салыктын түрлөрүнүн ставкаларын аныктайт;

— Шаардын мэрине, райондун акимине айып коёт. Коюлган айыбы далилденсе депутаттардын добушунун үчтөн экиси менен кызматтан четтетилет.

Жергиликтүү мамлекеттик бийликтин иш-чаралары, функциялары, ыйгарым укуктары, аткаруу бийлиги менен болгон өз ара аракеттешүүлөрү   жана райондун,  шаардын кеңештеринин депутаттарынын саны жана туруктуу комиссиялары  конституциялык мыйзам менен бекитилет.

2.  Парламенттик башкаруу системасы

Президент

Президент 50 жаштан жогору, мамлекеттик кызматтарда 20 жылдан кем эмес анын ичинен жогорку мамлекеттик кызматты өткөн, Кыргызстанда төрөлүп акыркы 15 жылда өлкөдө жашаган жаран, 5 жылдык мөөнөткө парламенттин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен премеьр-министрдин сунушунун негизинде шайланат. Президент экинчи мөөнөткө  шайланышы мүмкүн. Ал Куралдуу Күчтөрдүн башкы кол башчысы, эл аралык аренада Кыргызстанды көрсөтөт. Мамлекеттин башчысы болуп саналат.

Президент:

— Премьер-министрдин талапкерлигин кызматка дайындоого бошотууга парламентке сунуштайт жана бекитет.

— Жогорку Кеңеш  макулдук берген  өкмөт мүчөлөрүн  жана Жогорку соттун судьяларын  кызматка бекитет.

— Өкмөттүн отставкасын кабыл алат;

— Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга  үч жумалык мөөнөттө кол койот жана вето коюу  укугуна ээ;

— Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлайт, ырайым жарыялап, мунапыс берет.

— Премьер-министрдин сунушу менен жогорку аскер кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Мыйзам чыгаруу бийлиги

Жогорку Кеңеш — Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигин  жана  өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку  орган.

Жогорку Кенеш, беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 95 депутаттан турат. Анын 73-75и партиялык тизме менен 20-22си партиянын көрсөтмөсүнүн негизинде бир мандаттуу округдардан шайланат. (20-22 ирилештирилген районундардын саныны менен барабар). Тагыраак айтканда ар бир райондон  жана эки шаардан бирден  мандат.

Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат.

Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же парламенттик көпчүлүктү түзгөн фракция, өкмөттүн курамын түзөт. Жогорку Кеңеш   өкмөттүн  түзүмүн, курамын жана  программасын  бекитет.

Жогорку Кеңеш республикалык бюджетти бекитет, салыктын, акциздин, пошлинанын түрлөрүн аныктайт, бекитет, чет өлкөлөр менен соода-сатык маселелерин жөнгө салат. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн шайлоого макулдугун берет. Премьер-министрдин маакулдугусуз өздөрү Жогорку соттун судьяларын, Улуттук банктын төрагасын жана анын орун басарларын, Эсеп палатасынын аудиторлорун, Акыйкатчыны жана анын орун басарларын шайлайт. Аймактык түзүлүштүн маселелерин карайт. Өзгөчө кылмыштарды иликтөө боюнча убактылуу прокурор менен тергөөчүлөрдү дайындайт. Керек болгон учурда адистештирилген сотторду түзөт.

Жогорку Кеңеш жергиликтүү бийликтер чогултуучу салыктын түрлөрүн аныктайт.    

Жогорку Кеңештин иш-чаралары,  функциясы жана ыйгарым укуктары конституциялык мыйзам менен бекитилет.

Аткаруу бийлиги

Аткаруу бийлигин  премьер-министр башкарган өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, кызматтар жана  административдик ведомстволор  ишке ашырат. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракциянын жетекчиси,  же көпчүлүк коалицияны түзгөн фракциянын жетекчиси- премьер-министрдин кызматына талапкер катары Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөндөн тартып, 15 жумушчу күндүн ичинде  Өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын сунуштайт.

Эгерде саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болбосо анда,  мандаттардын көпчүлүгүн алган  фракциянын жетекчиси-премьер–министрдин кызматына талапкер катары  жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин көпчүлүк коалиция түзгөнгө мүмкүнчүлүк алып, өкмөттүн курамын жана  программасын аныктап Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин, Жогорку Кеңеш  өкмөттүн түзүмүн курамын жана программасын аныктап,  бекитпесе   анда, Президент, фракциялардын бирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн сунуш кылат. Эгерде бул мөөнөттө көпчүлүк коалиция түзүлбөсө,  Президент,  башка фракцияга  сунуш кылат.

Эгерде, ушул көрсөтүлгөн мөөнөттө, Өкмөттүн курамы түзүлбөсө анда Президент Жогорку Кеңешке жаңы шайлоону дайындайт. 

Премьер-министр ички жана тышкы саясатты аныктайт жана жүзөгө ашырат, өкмөттүн аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде Аппеляциялык соттордун судьяларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке  отчет берет

Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча  Өкмөткө  ишеним көрсөтпөө  жөнүндө  маселени карайт. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча  каралган маселенин жыйынтыгы депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынса анда,  Президент, токтом кабыл алынгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн кызматтан кетиши боюнча жарлыка кол койот.

Премьер-министр  же Өкмөттүн айрым мүчөлөрү өз ыктыярлары  менен кызматтан кетүүгө укуктуу. Премьер-министрдин кызматтан кетиши Өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин, Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантат.

Өкмөт кызматтан кеткен учурда  Өкмөттүн жаңы курамы жогорудагы каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт.

Адилет министри бир эле убакта Башкы прокурор болуп эсептелинет.

Аткаруу бийлиги Конституциянын, мыйзамдардын жана кабыл алынган стандарттардын так аткарылышын көзөмөлдөйт жана камсыз кылат. Премьер-Министр ички жана тышкы саясатты аныктайт жана жүзөгө ашырат.

Аткаруу бийлигинин иш-чарасы, функциясы, ыйгарым укуктары жана жергиликтүү мамлекеттик бийликтер менен болгон өз  ара аракеттенүүлөрү   конституциялык мыйзам менен аныкталат.  

Сот бийлиги:

Сот бийлиги  Жогорку соттон, Аппеляциялык жана Жергиликтүү соттордон турат, сот адилеттигин жүзөгө ашырат.

Жогорку сот,  9 судьядан  турат. Жогорку соттун судьяларына 65 жаштан өмүр бою, 15 жылдык стажы бар анын ичинде 5 жылдан кем эмес аппеляциялык (облустук) сотто стажы бар. Профилдик комитеттин сунушу негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат, депутаттардын үчтөн экисинин дубуштары менен кызматтан четтетилет

Аппеляциялык соттор, Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда, Бишкекте, Караколдо жана Таласта түзүлөт. Аппеляциялык соттордун судьялары 45 жаштан 70 жашка чейин, 7 жылдан кем эмес жергиликтүү соттордо судьялык стажы бар, Премьер-Министр тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Аппеляциялык соттор тарабынан каралган,  орто категориялык иштер акыркы жана даттанууга жатпайт.

Жергиликтүү соттордун судьялары шаардык жана  райондук кеңештин депутаттарынын копчүлүк добуштары менен шайланат жана үчтөн экисинин добуштары менен кызматтан четтетилет.

Жергиликтүү соттор караган,  жеңил категориядагы  иштер  акыркы жана даттаууга жатпайт.

Сот бийлигинин судьялары кынтыксыз иштеп жүргөндө гана кызматтарында иштей берет.

Соттук оор  кылмыштар элдик заседателдердин катышуусунда өтөт жана элдик  заседателдердин  көпчүлүгүнүн добушунун негизинде сот вердикт чыгарат.

Сот бийлигинин иш-чаралары, алар чыгарган өкүмдөрдү аткаруу процедуралары жана  сотторду   камсыздоо маселелери конституциялык мыйзам менен бекитилет.

Жергиликтүү мамлекеттик  башкаруу бийлиги

Жергиликтүү  мамлекеттик  башкаруу бийлигин төмөнкүлөр түзөт.

— Шаардын мэрлери, райондун акимдери, жана алардын кызмат адамдары.

— Шаардык жана  райондук кеңештер.

— Айылдык округдардын, поселканынын башкармалары анын  аппаратынын кызматчылары,  айылдын башчылары менен  кызмат адамдары.

Шаарлардын мэрлерине жана райондордун акимдерине жогорку билимдүү жана мамлекеттик кызматта 5 жылдык стажы бар, 40 жаштан кем эмес, соттугу жок, жаран 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

Акимдердин жана мэрлердин сунушу менен акимдин, мэрдин орун басарларын, тармактык кызматтардын жетекчилери менен мэриянын  кызмат адамдарын жана айыл округдардын башкармаларын, райондук жана шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайлашат жана аларды депутаттардын дубушунун үчтөн экиси менен кызматтан четтетишет.

Шаардын жана райондун кеңештери аркылуу шайланган шаардын жана райондун кызмат адамдарынан башкаларын, мэр жана аким өзү дайындайт жана кызматтан бошотот.

Шаардын  жана райондун кеңештери:

— Бюджетти, социалдык–экономикалык өнүктүрүү программаларын, генералдык архитектуралык пландарын бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлгө алат;

— Жогорку Кеңеш руксат берген  салыктын түрлөрүнүн ставкаларын аныктайт;

— Шаардын мэринин, райондун акиминин жылдык отчетторун угат жана аларга айып койот. Коюлган айыбы далилденсе депутаттардын добушунун үчтөн экиси менен кызматтан четтетилет.

Жергиликтүү мамлекеттик бийликтин иш-чаралары, функциялары, ыйгарым укуктары, аткаруу бийлиги менен болгон өз ара аракеттешүүлөрү  жана райондун, шаардын кеңештеринин депутаттарынын саны  конституциялык мыйзам менен бекитилет.

Урматтуу мекендештер!

Сиздер, жогоруда сунуш кылынган башкаруу системасынын варианттарынын концепциялары менен терең маани берип  таанышып чыгыңыздар дагы, бирөөнө токтолуңуздар.

Өзүм, аскер адамы катары, Президенттик башкаруу системасына ыктайм.  Себеби, ал система  бир жагынан  аткаруу бийлигинин  туруктуулугун камсыз кылат. Экинчи жагынан, коңшу өлкөлөрдүн  бийлик системалары менен төп келишип, алардан айрымаланбайт. Бирок, азыркы, тең салмактуулугу сакталбаган, Президенттик башкаруу системасынын болуп жаткан жана боло турган зыяндуу  кесепеттерин  эске алсак, ошону менен бирге, биздин кулк-мүнөзөбүзгө, менталитетибизге туура келген, өзүм билемдик, диктаттык, үй–бүлөлүк, кландык башкарууга жол бербеген,  региондук балансты сактаганга багытталган система — парламенттик башкаруу системасы экендиги шексиз. Парламенттик башкаруу  системасынын  эффективдүүлүгүн  өнүккөн өлкөлөрдүн тажырыйбасынан дагы  көрсөк болот.  Ошондуктан мен, парламенттик башкаруу системасын колдоого алар  элем.

Сиздерди  терең  урматтап,

 “Азаттык” партиясынын төрагасы, генерал Исмаил Исаков.

30..06.2022-ж.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты