Ишкерден акча опузалаган жарандар кармалды (Видео)

2022-жылдын сентябрь айында ИИМдин кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери ишкерди кылмыш тобунун мүчөлөрү унаа менен сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат алышкан.

Өздөрүн кылмыштуу топтордун биринин өкүлдөрүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар, Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен коркутуп, 50 миң АКШ долларын опузалап жүрүшкөнү аныкталган.

Мындан тышкары, кол салгандар үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна, ошондой эле ишкердин бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, аны коркутуп келишкен.
Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Кечээ, 27-сентябрда, ишкерден опузалап акча талап кылып жаткандарды 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Алар, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган. Кармалгандардын бирөө мурда сот жообуна тартылган.
Бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты