Иран-Кыргызстан: Укук коргоо институттарынын кызматташуу мүмкүнкүнчүлүктөрү талкууланды
- 12 месяцев мурун
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ирандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Анда адам укуктарын коргоо маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн улуттук укук коргоо институттарынын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Жамиля Жаманбаева элчини Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, мекеменин эл аралык байланыштары жана институттун аймактык жана эл аралык укук коргоо уюмдары менен кызматташтыгы тууралуу маалымдады.
Элчи Голам Хоссейн Ядегари Ирандын түрмөсүндө учурда экономикалык кылмышка айыпталган Кыргызстандын жараны кармалып турганын билдирди. Ал эми Кыргызстанда соттолгон Ирандын жараны жакында жазасын андан ары өтөө үчүн мекенине экстрадицияланганын белгиледи.
«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда укуктук жана соттук тармакта кызматташууну жүргүзүү үчүн бир катар макулдашуулар бар. Эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин ортосундагы келишим жакында күчүнө кирди. Ал мекемелерге түздөн-түз өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Бул документтер укуктук талаадагы кызматташтыгыбыздын негизи болуп саналат» деп белгиледи элчи.
Голам Хоссейн Ядегари Акыйкатчыга Кыргызстанда жакында кармалган Ирандын төрт жаранынын укуктарын камсыздоого көмөктөшүүнү өтүндү. Анын айтымында, алардын экөө экономикалык кылмышка байланыштуу иш боюнча күбө катары суракка чакырылып, кармалган. Дагы эки ирандык кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалоо) боюнча шектелүүдө.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери тергөө абагында кармалган Иран жарандарынын кармоо шарттарына жана ден соолугуна мониторинг жүргүзөрү айтылды.

Сүрөттөр: Акыйкатчы институту




