Интернетте “Арстан Алайдын акыркы мүнөттөрү” аттуу видео тарап жатат

  • 7 месяцев мурун

Бир күн мурун Арстан Алайдын (Абдылдаевдин) жансыз денеси табылган колониядагы көзөмөл камераларынын видеосу коомчулукка жарыяланды.

Алгач 51 секундадан турган видео жарыяланган.

Кийинчерээк ЭлТР мамлекеттик  телеканалы «АРСТАН АЛАЙДЫН ЖАНЫН КЫЯР АЛДЫНДАГЫ КОММЕНТАРИЙСИЗ ВИДЕОСУ. ЭКСКЛЮЗИВ“ аттуу 3 мүнөт 21 секундалык сюжет жарыялап, анда кабарчы маркумдун “өзүнүн жанын кыйганга даярдык көргөн учурлары видео көзөмөлгө түшкөн”, — деп билдирген.

Белгилей кетсек,  5-январда (саат 05:15 чамасында)  Арстанбек Абдылдаев  жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган абалда табылган. Юстиция министрлиги анын өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзүп, Жаза аткаруу кызматында кызматтык иликтөө башталды. Башкача айтканда, азыркы учурда Арстан Алайдын өлүмүнүн кандай болгонуна байланыштуу расмий билдирүү айтыла элек. 

Арстан Алайдын камалышы

13-декабрда милиция Арстан Алайдын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат таратып, издөө жарыялаган.

Интернетте “Арстан Алайдын акыркы мүнөттөрү” аттуу видео тарап жатат

Көп өтпөй, 15-декабрда дайынсыз жоголгон Арстан Алай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканы маалым болгон. 

Атайын кызмат Арстан Алайды диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын билдирген. Ал “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналган.

Интернетте “Арстан Алайдын акыркы мүнөттөрү” аттуу видео тарап жатат

Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “Жаңы кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндер жана ишенимдер туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени белгиленген.

“Кылмыш ишин козгоого А.Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген”, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бишкектин Октябрь райондук соту Арстан Алайдын бөгөт чарасын 16-декабрда карап, 15-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Чечимге  ылайык, Арстан Алай Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына жөнөтүлгөн.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, Арстан Алайга “инсандын аныкталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация” деген диагноз коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен №31 түзөтүү мекемесине которулган.

Арстан Алай аталган мекемеде асынган абалда табылгандан кийин анын кызы Аксана Арстанбекова атасынын саламаттыгы жакшы болгонун айтып, эмне себептен №1 абактан №31 түзөтүү мекемесине которулганы сыяктуу ар кандай шектүү жагдайлар көп болуп жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, Арстан Алай буга чейин 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты