Интернет провайдерлердин кабелдерин жер алдындагы каналдарга түшүрүү маселеси талкууланууда

  • 2 месяца мурун

Байланыш операторлор ассоциациясында Интернет провайдерлердин аба чубалгыларын «Кыргызтелеком» ААКнын Бишкек шаардык телефон тармагынын жер астындагы каналдарына кошуу маселеси талкууланды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан телефон канализациясын курууну пландаштыруу боюнча техникалык иштер жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү кызматтар интернет-провайдерлердин өкүлдөрүнө аба чубалгыларын демонтаждоо зарылдыгы тууралуу эскертүү жөнөттү.

Техникалык иштердин жана көрсөтүлгөн линияларды кайра коюунун убагында Интернет-провайдерлер учурдагы түрүндө убактылуу иштээри айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты