Индияда асма көпүрө кыйрап, 60тан ашуун киши каза тапты
- 1 year мурун
Индиянын батышындагы Морви шаарындагы жүргүнчүлөр өткөн көпүрө кыйрап, бери дегенде эле 60 киши мерт болду. Мачху дарыясы аркылуу өткөн асма көпүрө 19 кылымдын аягында курулуп, былтыр ремонттон кийин кайра ачылган.
Ар кыл маалыматтар боюнча кырсык учурунда көпүрөдөн 150дөн 400гө чейин киши өтүп бараткан.
Кырсык жекшемби, 30-октябрь күнү кечинде болгон. Көпүрө туристтик аттракцион катары белгилүү. Окуя болгон жерде куткаруучулар, аскер кызматкерлери, индия армиясы, авиация жана флот иштеп жатат.
Көпүрө андагы кишилердин салмагын көтөрө албай калганы айтылууда. ANI агенттиги каза тапкандардын көбү аялдар, балдар жана улгайган кишилер экенин билдирди.
Сүрөт: Reuters
Муну бөлүшүү