Индия ШКУ саммитине жана Чоң жыйырмалыкка төрагалык кылат  

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердеги үстүбүздөгү жылдын негизги окуяларынын бири — президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын июль айында өтүүчү ШКУ саммитине катышуу үчүн иш сапары болмокчу.

Бул тууралуу Индиядагы элчи Аскар Бешимов 24-мартта Индиянын Президенти Драупади Мурмуга Ишеним грамотасын тапшыруу учурунда белгиленди.

Индиянын президенти Драупади Мурму Индия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Драупади Мурму билим берүү тармагындагы кызматташуунун жогорку деңгээлин өзгөчө белгилеп, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда 15 миңден ашуун индиялык студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди.

Сүрөт: КР ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты