Иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин караган судьянын кармалышынын чоо-жайын УКМК билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы А. А. А. нын камалышынын чоо-жайын билдирди.

Эске сала кетсек, Акылбек Адимов өткөн жылы соттун чечими менен Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот  Темировдун ишин караган судья.

Акылбек Адимов ири суммада пара алууга шектелүүдө.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете  элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган.

Ошол эле учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимовдун да пара алуу фактысы аныкталган. Пара алууга адвокат ортомчу болуп, судьянын жардамчысы жана катчысы жардамдашкан.

20-октябрда судьялар кеңешинин чечиминн негизинде Свердлов районунун судьясы Акылбек Адимов камакка алынганы маалымдалган жана адвокат Ы.К. М. да камакка алынганы айтылды.     

      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты