Ийгиликтин башаты — ынтымакта. Президент орозонун башталышы менен куттуктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды ыйык орозо айынын башталышы менен куттуктады.

-Ыйык орозо айынын кириши менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктаймын!

Орозо айы – таң заардан күн батканга чейин оозду бек кармап, наар алуудан тыйылуу гана эмес, барга шүгүр, азга каниет кылып, өзүн-өзү тарбиялоо мезгили, берешендик, кайрымдуулук, мээримдүүлүк сыяктуу бийик сапаттарды көрсөткөн өзгөчө ай.

Мындай берекелүү айдын келиши менен баарыбыз дилибизди тазартып, ысырапчылыктан сактанып, башкаларга кол сунуп, кайгысына, кубанычына да ортоктош боло билүүгө умтулалы.

Үй-бүлөдөгү, коомдогу жана мамлекеттеги ийгиликтердин башаты ынтымакта экенин эстен чыгарбайлы! Бири-бирибизге болгон ишенимибизди чыңдап, мамилебизди бекемдөө менен мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн талбай мээнет кылышыбыз кажет.

 “Отуз күндүк орозо – ой тазартаар жол ошо” деген накыл кеп сыңары, Орозо айында жалаң жакшылык тилеп, жамы журт менен карым-катыш, алакабызды арттырып, Кыргызстанда адал ишти сүйгөн, ак кызмат кылган акыйкат, калыс, эмгекчил коомду курууга кам көрөлү, -деди президент.

22-марттан баштап Кыргызстанда мусулмандардын орозо айы башталды. Ал 30 күнгө созулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты