ИИМ: Жер тилкелерине байланышкан алдамчылыкка шектүү кармалды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Чүй облусунун тургуну ички иштер органдарына кайрылып, алдамчылыктын курмандыгы болгонун билдирген.
Жабырлануучу 22-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан жер тилкелерин чала тааныш аялдан 60 миң АКШ долларына сатып алган.
Кийинчерээк ал башка бирөөнүн жерин  жасалма паспорт менен сатып алганы аныкталган.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн РИИБи тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши
козголгон.
Бул факты боюнча ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жогорудагы кылмыш ишине алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон 1972-жылы туулган Э.Ж. аттуу жарандын катышкандыгы аныкталды.,  17-октябрда Бишкек шаарындагы туугандарынын үйүндө  жашынып жүргөн жеринен кармашкан.

Бул жаран ушул сыяктуу көптөгөн фактыларды жасаган деп шектелип,
былтыр ноябрда ага издөө жарыяланган.
Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу
кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты