ИИМ: Каржы пирамидасын түзүүгө шектелген алматылык жаран Бишкектен кармалды

  • 4 месяца мурун

Бишкекте жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен Казакстанда каржы пирамидасын түзүүгө шектүү катары издөө салынган жаран аныкталды.

Бул тууралуу КР ички иштер министрлиги билдирди.  

Буга чейин Алматы шаарынын Медеу райондук полиция башкармалыгы тарабынан Казакстанда каржы пирамидасын түзүү жана жетекчилик кылуу боюнча издөө жарыяланган О.А. аттуу жаран Бишкек шаарындагы камераларга 2023-жылдын декабрь айынын аягында түшүп калган. Аны камакка алуу чечими чыккан.

Казакстанда 2021-жылдын апрель айында жабыркаган салымчылар үч компаниянын иши боюнча жамааттык арыз менен полицияга кайрылып, аларды каржы пирамидасы деп атаган.

Бул компаниялар өздөрүн кирешелүү инвестициялык уюм катары көрсөтүшкөн. Жогорудагы фактыларга тиешеси бар деп кармалган Алматы шаарынын тургуну О.А. каржы пирамидасын түзүүгө жана жетектөөгө шектелүүдө. Кирешелүү инвестицияларды туураган бул “долбоордун” лидерлерин кармай баштаганда, ал изин жашырууга үлгүргөн.  

Бул компаниялар салымчылардан бир нече миллиарддаган теңгесин мыйзамсыз чогулткан.  Түшкөн акча каражаттарынын агымын көбөйтүү максатында каржы пирамидалардын ишмердүүлүгүнө белгилүү блогерлер тартылган. Сот эки вайнерди пирамида схемасы боюнча иштегендиги үчүн беш жылга эркинен ажыраткан.

Бишкекте кармалган Алматы шаарынын тургуну О.А. камакка алынды.

Буга чейин да Бишкекте оор кылмыштарга шектүү катары мамлекеттик издөөдө жүргөн Орусиянын жараны видеокөзөмөл камерасынын жардамы менен кармалган.

Сүрөт: ИИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты