ИИМ: Баткенде жоокер кокусунан жанындагы жоокерди атып алды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен бирге чек ара тилкесинде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча Лейлек районундагы  Сада айылындагы чек арага жакын күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда кокустан чогуу кызмат кылган жоокерди атып алган. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигиинин басма сөз кызматы маалымдады.   

«Ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талабын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен, ички аскерлердин катардагы жоокери 2002-жылы туулган Н.у Т.  кокусунан бет маңдайда турган шериги ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган.

Жарадар болгон катардагы жоокер 2003-жылы туулган М.у.К. дароо ооруканага жеткирилген, тилекке каршы жаракат алган жоокер ооруканадан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок» деп айтылат ИИМ маалыматында.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ички аскер кызматкери АКСУ ок атуучу курал колдонууда коопсуздук талаптарын сактабастан, курал менен ойношуп, ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам маңдайында турган чогуу кызмат өтөгөн ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган.

Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен бирге окуянын бардык жагдайларына текшерүүнү жүргүзө баштады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты