HRW: Орусияда мигранттарга кысым күчөдү

  • 3 недели мурун

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму «Крокус Сити Холлдогу» кол салуудан кийин миграция мыйзамдарын бузган деген айып менен мигранттарга каршы соттук иштердин саны бир жумада 70% өскөнүн аныктады.

HRW Орусиядагы борбор азиялык мигранттарга болгон мамилени «коркунучтуу» деп атады, анткени «Крокус Сити Холлдогу» трагедиядан кийин бул чөлкөмдүн жарандарына карата зордук-зомбулук жана мыйзам бузуулар көбөйдү.

Уюм маалымат каражаттарына шилтеме жасап, террордук чабуулга байланыштуу бир нече тажик жараны камакка алынгандан кийин Орусияда жөнөкөй адамдар менен катар аткаминерлер мигранттарга улутуна карата орой мамиле жасап, ксенофобиялык куугунтук жана зордук-зомбулук фактыларын көбөйткөнүн билдирди.

«Орус бийлиги Борбор Азиядан келген мигранттарга карата этникалык мүнөздөмө берүү, аларды негизсиз жана узак мөөнөткө камоо практикасын токтотуп, анын ордуна мигранттардын коопсуздугун камсыздап, ксенофобиялык куугунтук учурларын тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуусу керек» деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Таня Локшина.

HRW террордук чабуулдан кийинки эки жуманын ичинде Орусияда Борбор Азиялык мигранттарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, жумуштан бошотуу, физикалык зыян келтирүү менен коркутуу, мазактоо жана мигранттарга каршы ксенофобиялык ураандар көбөйгөнүн ырастады.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты