Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты: Кыргызстан Түштүк Африка командасын 10:1 эсебинде утту

Кечээ, 16-мартта, Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Акыркы оюнда Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Түштүк Африка Республикасы менен беттеште чоң жеңишке жетишип, 10:1 эсебинде утту.    

Ошону менен Кыргызстан командасы күмүш баскычка ээ болуп, экинчи орунга чыкты. Бирок Кыргызстан экинчи дивизионго чыга алган жок. Таиланд командасы биринчиликти жеңип алды.

Хоккей боюнч дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизиондогу («А» тайпасы) оюну 10-16-март күндөрү Бишкек шаарында өттү. Ага алты өлкө — Кыргызстан, Таиланд, Мексика, Люксембург, Түркмөнстан, Түштүк Африка Республикасынын командалары катышты.   

2023-жылы хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы өз тобунда, В тобунун командалары арасында, дүйнө чемпионатында биринчиликке жетишкен.  Мелдеш 2023-жылы 27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговинада өттү. Анда 6 команда катышып, 5 оюн ойнолду.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты: Кыргызстан Түштүк Африка командасын 10:1 эсебинде утту

Сүрөттөр жана видео: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты