Кыргызстанда хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

  • 5 месяцев мурун

10-16-март күндөрү Бишкек шаарында үчүнчү дивизиондун ( “А” тайпасы) командалары арасында хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жеңиш үчүн алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күрөшөт.

Бул беттештерде Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн күч сынашат. Командалар бири-бири менен бир айлампада ойношот.

Кыргызстандын хоккейчилер командасы беттеше турган күндөр:

Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;

Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-март, саат 20:00.

Оюндар “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты