Гутерриш: БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоого убакыт келди

  • 11 месяцев мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Жапониянын Хиросима шаарында өтүп жаткан «Чоң жети» саммитинде сүйлөдү.

Өз сөзүндө ал БУУнун Коопсуздук кеңеши менен Бреттон-Вудс системасы азыркы реалдуулуктарга туура келбей калганын белгилеп, аларды реформалоо керектигин билдирди.

Гутерриштин айтымында, бул институттар 1945-жылы түзүлгөн жана ошол мезгилдеги дүйнөлүк түзүлүшкө ылайык уюштурулган. Андан бери алар эскирип, өз натыйжалуулугун жоготту.

«Глобалдык каржы архитектурасы – адилетсиз, ал эскирип, иштебей калды. Covid-19 пандемиясынан жана Орусиянын Украинага кол салуусунан кийинки экономикалык каатчылыктарда ал өзүнүн башкы милдеттерин аткара алган жок»деди БУУнун башкы катчысы.

Гутерриш былтыр апрелде Киевге жасаган сапары учурунда да өзү жетектеген уюмду сынга алган. «Коопсуздук кеңеши бул согуштун алдын алуу жана аны тез арада токтотуу үчүн колунан келген бардык аракеттерди көрдү деп айта албайм. Бул бизди өтө иренжитти» деген Гутерриш.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 1945-жылы негизделген. БУУнун уставына ылайык, кеңештеги чечимдер ага мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн макулдугу менен кабыл алынат. Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу – АКШ, Улуу Британия, Франция, Орусия, Кытай жана 10 туруктуу эмес мүчөсү бар. Акыркы кездери Орусия өзүнүн вето укугун бир нече жолу пайдаланып, эл аралык коомчулуктун Москвага ылайыксыз сунуштарына бөгөт койду.

Украина 2022-жылы декабрда Орусияны Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү макамынан ажыратып, БУУдан чыгарууга үндөгөн. Бирок БУУнун азыркы уставына ылайык, мындай чечимдерди Орусиянын өзүнүн макулдугусуз кабыл алууга мүмкүн эмес.

Бреттон-Вудс системасы – каржы мамилелери менен соода эсептерин уюштуруу боюнча 1944-жылы кабыл алынган эл аралык система. Ал кезинде дүйнө өлкөлөрүнүн каржылык коопсуздугу менен валюталык кызматташтыгын камсыз кылууга багытталган Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондунун түзүлүшүнө жол ачкан.

Сүрөттө: БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Киев шаары, март 2023-жыл. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты