“Гареев атындагы ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилди
- 3 недели мурун
Улуттук илимдер академиясынын “Гареев атындагы ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамы берилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.
“Ботаникалык бактын жер участоктору: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан, аянты 127,0 га болгон жер участогу, Бишкек шаары, М. Горький көчөсү, 135/212 дарегинде жайгашкан, аянты 20,15 га болгон жер участогу; Нарын шаары, Ленин көчөсү дарегинде жайгашкан, аянты 4,17 га болгон жер участогу “Калктуу конуштардын жерлери” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын режимин талаптагыдай сактоону камсыз кылуу тапшырылды” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: Интернет булактарынан.